Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.05.2018 12:46

Караколдук бөбөктөр апаларын Энелер күнү менен куттукташты (видео)

Turmush -  Каракол шаарындагы №9 бала бакчанын тарбиялануучулары Энелер күнүнө карата апаларына майрамдык маанай тартуулап, концерт коюп беришти, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анда бөбөктөр энелерине арнап ырларды айтып, бий бийлеп беришти. Ошондой эле апаларына гүл тапшырышты. Ага кенже, орто жана жогорку тайпанын балдары катышты.

Кыргызстанда 2012-жылдан тарта май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×