Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

2,5 млн сомдук зыян: Ысык-Көлдөгү айрым медицина кызматкерлери 2,5 жылдан бери мыйзамсыз эмгек акы алышкан

Turmush -  Ысык-Көл облустук прокуратурасы облустагы медицина мекемелериндеги жооптуу кызматтагы адамдарга кылмыш иш козгоду. Тергөө иштери КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берененин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында жүрөт, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда андагы кызматкерлер менен мыйзамсыз эмгек келишимдер түзүлгөнү белгилүү болгон. Ал келишимдердин негизинде 2015-жылдын июнь айынан баштап 2018-жылдын январына чейин айрым кызматкерлерге, анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басарларына да кошумча эмгек акы төлөнүп турган. Мунун кесепетинен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 930 миң сомго жеткен.

Ушундай эле мыйзам бузуулар текшерүү учурунда Балыкчы шаардык аймактык ооруканасында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда табылып, зыяндын көлөмү 1 млн 515 миң сом деп эсептелди. Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга берилип, тергөө, тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 941
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×