Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 17.05.2018 08:15

Түптүн Тасма айылына бурула турган жерге заманбап белги коюлду

Turmush -  Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Тасма айылына бурула турган жерге заманбап белги коюлду, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, аталган белгини Тасма айылында туулуп, азыр Каракол шаарында жашап жаткан Ырысбек Кожоев үй-бүлөсү менен бирге коюп берген.

«Тургузулган белги чакан болсо да, көркөмдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Ырысбек айткандай, баасы чөнтөккө ылайыктуу болгон белгини айыл аймагына караштуу Чоң-Тогузбай, Токтоян айылдарына да тургузууну сүйлөшүп жатабыз», - деди айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Кайыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×