Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.05.2018 17:19

Ысык-Көлдө жайкы сезондо коопсуздукту көзөмөлдөөгө кошумча 65 кызматкер керек

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагына жайкы сезондо жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө 150 кызматкер коюу керек. Бул тууралуу КРнын Коопсуздук кеңешинин чечими жер-жерлерде ички иштер органдары тарабынан кандай шартта турмушка ашырылып жаткандыгы боюнча маалымат жыйында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү билдиришти.

Маалым болгондой, учурда облуста 85 кызматкер жол кыймылын көзөмөлдөп жатат.

«Ар бир тилкеге милиция кызматкеринин турушу менен жол кырсыгы азайбайт. Жергиликтүү тургундардын аң-сезимин өзгөртүү керек. Тургундар унааны мас абалда жана жогорку ылдамдыкта айдоону токтотушу керек», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×