Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн аймагына жайкы сезондо видео жана фото байкоолор орнотулат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагына жайкы туристтик сезондо коопсуздукту сактоо максатында видео, фото байкоолор орнотулат. Бул тууралуу ОИИБдин жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, видео жана фото байкоолор аймактын чоң кесилиштерине орнотулат.

«Облуста жалпысынан 200гө жакын видео байкоолор орнотулат. Бул боюнча айыл аймак башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, алар каражат маселесин чече алышарын билдиришти. Видео байкоолор коопсуздукту сактоо максатында орнотулса, бир чети унаалар көзөмөлгө алынып, мал уурулукту азайтууга шарт түзүлөт», - дейт ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 936
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×