Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.05.2018 11:56

Көчмөндөр оюнуна карата Ысык-Көлгө чет өлкөлүк милиционерлер тартылат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда III Көчмөндөр оюнуна карата Казакстан, Россия, Өзбекстандан тажрыйба алмашуу максатында милиция кызматкерлерин чакыруу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Эрлан Атантаевдин айтымында, III Көчмөндөр оюнуна карата 3 миңге жакын күч түзүмдөрү тартылат.

«Ошону менен катар ОИИБдин өздүк курамы англис тилин үйрөнүп жатат. Тил үйрөнүү милиция кызматкерлери үчүн туристтер менен маек курууга, аларга өз оюн түшүндүрүүгө жана аларга жардам берүүгө жол ачат.

Биздин максатыбыз коноктордун коопсуздугун сактоо болуп саналат. II Көчмөндөр оюнуна 2 миң 400 кызматкер тартылган. Быйыл анын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×