Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Түптө орозо кармоо, нике кыюу, маркумду узатуунун жолдору талкууланды (фото)

Turmush -  Түп районундагы М.Элебаев атындагы райондук китепканада «Диндин бүгүнкү коомдогу орду» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, тегерек столдун каарманы Түп районунун имам хатиби Бакыт Кайкиев болду. Ал негизинен суроо-жооп иретинде болуп, Б.Кайкиев орозо кармоонун жолдору, орозодогу ооз ачтыруу менен жарамазан айтуу боюнча диний көз караш, айрым диний адамдар балдарын мектепке жибербей, үй ичиндеги эмеректерин сыртка чыгарып коюу, электр жарыгы менен сыналгыны пайдаланбоо, балдарды эмдетпөө маселелерине токтолду. Ошондой эле ден соолукка жана адам өмүрүнө зыяндуу спирт ичкиликтери менен тамеки, насвай динде тыюу салынган нерселерди колдонбоо, никеге кыюу менен маркумду акыркы сапарга узатууда салттуу ислам динин колдонуунун жолдоруна токтолушту.

Жаштар арасында Араб, Пакистан өлкөлөрүнүн элин туурап кийинүүдө, кыздар арасында хиджаб кийүүдө кыргыз элинин улуттук кийимдерин пайдалануу жолдору жана өлкөдө тыюу салынган«Хизб-ут-Тахрир», «Якын Инкар» уюмдарын ооздуктоону алдын алуунун жолдоруна да токтолушту.

«Бүгүнкү жашоодо ислам дини коомдо өзгөчө роль ойногону талашсыз. Динге баары эле КРнын Конституциясынын 14-беренесиндеги «Ар бир адамга дин тутуу жана атеисттик ынанымда болуу эркиндигине кепилдик берилет» дегендей мамиле кыла беришпейт.Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кимди болбосун кызыктыра турган дин жана анын коомдогу орду тууралуу сөз кылууну туура таптык», - деди китепкананын директору Клара Ахмедова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 935
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×