Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Ак-Сууда Арык Мырзанын эстелигин курууга арналган марафондо түшкө чейин 1 млн сом чогулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл өкмөтүндө Арык Мырзанын 450 жылдыгына арналган марафон өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Марафон Арык Мырза тууралуу кенен маалымат берүү менен башталып, ага арнап куран окуу менен уланды.

Иш-чарада «Ак-Суу Арашан» коомунун жетекчиси Аскар Жаныбеков Арык Мырзанын мааракесине карата даярдык тууралуу маалымат берген соң, иш-чара төкмө акындар, комузчулар коштогон концерт менен коштолду. А.Жаныбековдун айтымында, марафондо чогулган каражаттын суммасы саат 13:30га карата 1 млн 20 миң сом болду.

Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Талапкер Жакуповдун айтымында, айыл өкмөттө учурда 6217 адам жашайт. Марафонго аталган айылда туулуп, Каракол шаарында жана Ак-Суу районунун башка айылдарында жашап калган жарандар да катышып, өз салымдарын кошууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1170
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×