Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Жети-Өгүз районунда 2 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы Артур Сейдекматов маалымдады.

Анын айтымында, 2017-жылы дем берүүчү гранттын эсебинен кичи футбол аянтчасы курула баштаган. Жалпы наркы 2 млн сомдон ашуун каражат сарпталып, ал жергиликтүү бийликтен, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн болчу. Ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, кызыл тасма кесилди.

Спрот аянтчага Жети-Өгүз айылынын тургуну, 1965-1972-жылдары СССРдин спорт чебери болгон Жакшылык Шаршембиевдин ысымы ыйгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 482
Көп окулду
×