Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Тоңдо «Жыл мугалими – 2018» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев мектебинде «Жыл мугалими–2018» сынагы өтүп, жеңүүчү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка айылдардагы мектептерде өткөн сынакта тандалып алынган мугалимдер катышты. Райондук сынактын биринчи турунда мугалимдер тест тапшырышып, экинчи турда 20 мүнөт сабак өтүшсө, үчүнчү турда тапшырмаларды аткарышты. Ал эми финалга чыккан мугалимдер 4 тапшырманы аткарышты. Биринчи тапшырмада өзүн жана чыгармачылыгы менен тааныштырса, экинчиде мастер-класс өтүп, үчүнчү тапшырмада предметтик жомок көрсөтүшүп, акырында хоббилери тууралуу айтып беришти.

Жыйынтыгында баш байгени Ж.Эшперов айылындагы М.Дөгдүрөв мектебинин мугалими Шекеева Элмира жеңил алды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 812
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×