Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Караколдук самбочу Н.Амантуров жыл башынан бери эки байге багындырды (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын самбочусу Назарбек Амантуров жыл башынан бери эки ирет байгелүү орунду жеңип алды. Бул туралуу облустук спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, облустук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Амантуров Назарбек быйылкы жылда самбо боюнча эл аралык жана республикалык мелдештерге катышып, алтын жана коло медалга ээ болду.

Ушул жылдын 2-февралында өткөн «Гармония» маданият борборунун байгеси үчүн болгон 2003-2005-жылкы өспүрүмдөр арасындагы 11-ачык биринчиликте алтын медалга ээ болгон. Андан соң, ушул жылдын 9-мартында Жангарач бийдин кубогу үчүн өткөрүлгөн эл аралык мелдеште 65 кг салмакта мелдешип, коло медалды багындырган.

Назарбек Амантуров учурда 8-класста окуйт. Акыркы 3 жылдан бери самбо менен машыгат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 368
Көп окулду
×