Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.05.2018 12:59

Ысык-Көлдө сот кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдеш Жети-Өгүз райондук соту тарабынан өткөрүлүп, Жети-Өгүз райондук спорт комитети, Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтү жана Оргочор айылынын жаштары уюштуруу иштерине колдоо көрсөтүштү. Жалпысынан таймашта облустук соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Ысык-Көл облустук сот департаментинин башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 7 команда ат салышты.

Бул иш-чаранын башкы максаты болуп жаштарды сергек жашоого үндөө, сот системасынын кызматкерлеринин арасында достук жана спорттук алаканы бекемдөө, мыкты кичи футбол командасын аныктоо жана кезектеги турнирди өткөрүү эстафетасын тапшыруу болуп саналат. Анда жеңүүчү болуп Ысык-Көл облустук сот департаментинин башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн команда жарыяланды.

Салтанаттуу түрдө мыкты оюнчуларга ар кандай номинациядагы дипломдорду Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Айбек Бекбулатов тапшырды.

Биринчи орунду багындырган Ысык-Көл облустук сот департаментинин башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн команда кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Экинчи орунду ээлеген Ысык-Көл райондук сотунун командасы менен үчүнчү орунду алган Ысык-Көл облустук сотунун командасы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×