Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Караколдук жаш мушкерлер эл аралык мелдеште 2 алтын, 1 күмүш медаль утушту (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын мушкерлери эл аралык мелдеште 2 алтын, 1 күмүш медаль утушту. Бул тууралуу Каракол шаардык спорт мектебинин бокс боюнча машыктыруучусу Сабатаров Адилет маалымдады.

Маалыматка караганда, Каракол шаарынын спорт мектебинин бокс залынын мушкерлери Ясынов Низамидин, Жумашев Амантур Алмата шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынышты. Н.Ясынов 32 кг салмакта, А.Жумашев 30 кг салмакта мелдешке түшүп, чет өлкөлүк атаандаштарын жеңип алышкан. Ал эми 46 кг салмакта ат салышкан Саматов Даниэл 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.

Алмата шаарында 2-6-май күндөрү өткөн эл аралык мелдешке 2003-2004-жылда, 2005-2006-жылда жана 2007-2008-жылда туулган Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан, Тажикстан жана Моңголия, Орусиядан келишкен өспүрүмдөр катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 283
×