Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 15.05.2018 11:57

Түптүк ардагерлер акимдин кубогу үчүн волейбол боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Түп районунда Кайкин орто мектебиндеги спорт залда 50 жаштан өткөн, 65 жашка чейинки ардагерлер арасында волейбол боюнча акимдин кубогу үчүн мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу райондун дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору Э.Майкаданов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 6 команда катышып, биринчи орунду, өтмө кубокту, 5 миң сомду Шаты айылынын ардагерлери ээлешти. Экинчи орунду, 3 миң сом жана диплому менен Талды-Суу айылынын, 3-орунду Арал жана Карасаев айыл өкмөттөрүнөн куралган АТТ командасы 2 миң сом, диплому менен утуп алышты.

«Мындан тышкары турнирдин мыкты 4 оюнчусуна акимдин атайын сыйлыктары ыйгарылды. Сыйлыктарды Түп районунун акими Э.Жантаев өзү тапшырып, жашы 50дөн өтсө да эликтей болуп секирип, жаштарга үлгү болорлук оюн көрсөтүшкөн ардагерлерге ыраазычылыгын билдирди», - деди Э.Майкаданов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×