Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Караколдогу музыкалык окуу жайдын 2 студенти республикалык сынакта жеңишке жетишти

Turmush -  Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайдын студенттери республикалык сынакта байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Каракол музыкалык окуу жайынын студенттери Бердикожоев Белек жана Жолдошева Наргиза 20-25-апрелде Бишкекте өткөн салттуу музыка боюнча аткаруучулардын республикалык сынагына катышып келишти.

Сынакта Бердикожоев Белек 20дан ашык комузчулардын арасынан 3-орунду жеңип алып, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланган. Ал эми Жолдошева Наргиза 4-орунду жеңип алып, кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болду.

Жогоруда аталган студенттер окуу жайдын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн жетекчиси КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөн Касаболотовдун тарбиялануучулары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×