Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Жеңеке: Айылдашына турмушка чыккан тоңдук Загира жеңенин келиндик доордогу кызыктуу окуялары (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 42 жаштагы тургуну Загира Зикиралиева өзүнүн айылдашына турмушка чыккан. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын, мугалимдик кесипти аркалаган ата-энеси жана кайын ата менен кайненеси тууралуу айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал КУУнун филология факультетин бүтүргөн. Жолдошу экөө бирге жашаганына быйыл 21 жыл болду.

«Турмушка 21 жашымда чыктым. Жолдошум Касымбаев Муктар 45 жашта, экөөбүз бир айылдан болобуз. Ал Кыргыз агрардык университетинин агробизнес факультетин бүтүргөн.

Студент кезде Муктар досу менен мен жашаган жатаканага барып, курбу кыздарың менен тааныштыр дешчү эле. Анда мен 4-курста окучумун. Чогуу жашаган Майрамкүл деген кыз менен тааныштырдым. Көрсө алар кыз менен таанышпай эле, мени көрүш үчүн барып жүрүшчү экен. Көп өтпөй, ал менин колумду сурап, кийинчерээк баш коштук.

Биз бир айылдан болсок да айылда жүргөндө сүйлөшчү эмеспиз. Менин атам жана апам дагы мугалим. Муктардын атасы да мугалим, алар көп жыл мектепте чогуу иштешкен. Айылдагы кадыр-барктуу адамдардын катарында.

Учурда Муктар мал чарбачылыгы менен алектенет. Жолдошум ак көңүл, токтоо, берешен жана адамгерчиликтүү. Балдарын ыймандуу болууга чакырат. Мен жолдошум менен бактылуумун», - деди ал.

З.Зикиралиева жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Келин болуп келгениме 1 жылдай болуп калганда бир күлкүлүү окуяга туш болдум. Мен кайнилерим менен тамашалаша берчү элем. Бир күнү кайнагамды кайним экен деп «суу алып кел» деп жумшап, далыга бир соккон элем. Көрсө кайнагам кайнимдин курткасын кийип, артты карап отурган экен. Бери караса кайнагам экен, катуу уялып кетип, кечирим сурадым. Ал кезде кайним менен тамашалашып ойноп калчубуз.

Жолдошумдун ата-энеси, менин да ата-энем көп жыл мугалим болуп иштешкен кадыр-барктуу инсандар эле. Көзү өтүп кеткен атам, апаларымдын жаткан жерлери жайлуу болсун. Алардын ак эмгектерин актоого аракеттенебиз. Учурда кайнатам 90 жашта, төрүбүздө ак батасын берип отурат. Муктар экөөбүз ата-энелерибизге абдан ыраазыбыз. Ата-энелерибиздин жолун жолдогон мыкты адам болууга, ошондой эле балдарыбызды да чоң ата, чоң эне, таене, таятасындай илимдүү адам кылып тарбиялоого аракет кылабыз», - деди ал.

Жубайлардын бир кыз, үч уулу бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4289
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×