Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.05.2018 20:29

Ак-Суунун Каракол айыл аймагындагы маданият үйү 4 млн сомго оңдолот

Turmush -  Ак-Суу районунун Каракол айыл аймагынын маданият үйүнүн эшик-терезелери жаңыртылып, оңдоп- түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ак-Суу райондук каржы бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Каракол айылындагы маданият үйүнүн эшик-терезелерин жаңыртуу жана имараттын ичи-тышын оңдоп-түзөө жумуштары быйыл дем берүүчү гранттын эсебинен бүткөрүлмөкчү. Долбоордун жалпы суммасы 3 млн 218,3 миң сомду түзөт. Айыл өкмөт тарабынан 804,6 миң сом салым кошулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×