Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.05.2018 16:06

Жаш талант: Эл аралык сынакта жомоктогу баш каармандын ролун жараткан Элнарбек кытай тилин үйрөнүп жатат (видео, фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 14 жаштагы тургуну Элнарбек Шарипов чыгармачылык менен алектенип, сынактарга катышып жатат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Элнарбек учурда №4 мектеп-гимназияда 6-класста билим алууда. Ошондой эле балдар билим берүү борборундагы «Нур» балдар театры ийримине катышат. Анда жаш балдар драмаларда роль жаратууну, алып баруучулукту, сөз өнөрүн өстүрүүнү үйрөнүшөт.

«Нур» балдар театры 2017-жылы Казакстанда өткөн эл аралык сынакта «Пайдалуу витаминдер» жомогун аткарып, 1-орунду алышкан. Элнарбек аталган жомокто башкы каарман — Чыпалак баланын ролун жараткан. Ошондой эле ал балдардын чыгармачылыгына арналган «Өнөртай-2018» сынагына катышып, лагерге эс алууга жолдомо утуп алган. Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагында «Ак кеме» повестиндеги Нургазынын ролун аткарып, 3-орунду багындырган.

«5-классымда Астанадагы сынакка баруунун алдында даярдануу максатында Кыргызстандын аймактарына гастролдоп, актерлук чеберчилигибизди арттырганбыз. Эл-жер кыдырып жүргөнүбүздө жомок коюп, балдардын көңүлүн көтөрүү жаккан. «Нур» театрына кошумча кытай тили ийримине барам. Чийме чийүүгө, ырдоого, бийлегенге кызыгам. Келечекте 9-классты бүтүп, Бишкек шаарындагы М.Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайга барып, ырчы болгум келет. Эгер ырчы болбой калсам архитектор же сот болууну каалайм», - деди ал.

Элнарбек үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×