Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө мугалимдер аскердик машыгуудан өтүштү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылындагы Аскарбек Алыбаков атындагы орто мектепте райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аскердик машыгуу уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгууга райондогу 10 мектептен аскерге чейинки даярдык сабагын окуткан мугалимдер катышты. Мында курал-жарактарды чачып, кайра жыйноо, ок атуу өндүү көнүгүүлөр өткөрүлдү.

Уюштуруучулар эми бул машыгуунун жыйынтыгы менен окуучуларды мектептерде аскерге даярдоого шарт түзүлөрүн белгилешти. Мелдеште курал-жарактар райондук аскер комиссариаты тарабынан алынып келинген. Соңунда мугалимдердин машыгуудагы жетишкендиктери жана айрым кемчиликтери айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 654
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×