Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Тоң айылынын эли курмандык чалып, түлөө өткөрүштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылынын тургундары түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Болот Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, түлөөдө айыл эли курмандык чалып, жакшылык тилешти.

«Эли-жерибизде тынчтык, ынтымак болсун, дыйкандардын акыбети кайтсын, жаратылыш кырсыктары болбосун, аракет кылган ар бирибизге кудай берекесин берсин деп айыл эли менен жалпы түлөө өткөрдүк. Айылыбызда 17 көчө бар. Түлөөгө 2 миңден ашык жашоочунун көбү катышты», - деди ал.

Иш-чаранын алкагында күрөш, аркан тартмай оюндары боюнча мелдеш да өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1395
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×