Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.05.2018 11:29

Түптүк бир тууган Исаевдер башкаларга үлгү болор иштерди аткарышты (фото)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айыл аймагынын жашоочулары, бир туугандар Турат, Мурат жана Бакыт Исаевдер Чоң-Таш, Жылуу-Булак айылдарындагы ооруктун 6 ардагерине, аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген 2 адамга азык-түлүк иретинде жардам көрсөтүштү.

Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Сейит Абдылдаевдин айтымында, бир туугандар 10 үй-бүлөгө жардам беришти.

«Алар жогорудагы үй-бүлөлөрдүн ар бирине бир мүшөктөн ун, 5 килограммдан кесме, 5 литрден тамак-аш майын, 3 килограммдан конфет беришти. Бул бир туугандар айылдагы иштерман, чарбачыл фермерлер болгондуктан жыл сайын ушундай кайрымдуулук иштерди жасап, башкаларга үлгү болуп келишет. Алар былтыр Чоң-Таш айылындагы ФАПтын суу аккан чатырын толук алмаштырышкан», - деди Сейит Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×