Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Түптүн Байзак айылында 40, 50, 60, 70 жыл бирге жашаган жубайлар сыйланды (фото)

Turmush -  Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнүн Байзак айылында «Кырк кыз» коомдук бирикмесинин «Үй-бүлөнү колдоо, бекемдөө» кербени келип, өзүнүн иш-чарасын өткөрүп кетти.

Майрамдык салтанатты айыл өкмөттүн башчысы О.Эапаров ачып, иш-чаранын жүрүшү менен тааныштыргандан кийин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Дюшебаева, «Кырк кыз» коомдук бирикмесинин төрайымы Г.Дегенбаева бирикменин мүчөлөрү менен биргеликте 40, 50, 60, 70 жыл бирге жашаган жубайларга, баатыр энелерге жана жалгыз бой балдарын баккан атага, энеге баалуу белектерди жана Ысык-Ата эс алуу жайына эс алууга жолдомолорду тапшырды.

Муканов атындагы мектептин окуучулары салтанаттын жалпы катышуучуларына чакан концерт тартуулашты.

«Кыргыз Республикасы боюнча кулачы кеңири жая баштаган «Кырк кыз» коомдук бирикмеси акыркы эки жылдан бери «Үй-бүлө мектебин» жайылтуу үчүн кербен уюштурганбыз. 40 жылдан 70 жылга чейин бирге жашаган үй-бүлөлөр аркылуу жаңы үйлөнгөндөргө бирге узак жашоонун татаал сырларын үлгү катары көрсөтүүнү «Кырк кыздын» кыздары энелик милдет катары максат кылып койгонбуз. Андан тышкары күйөөсүнөн же аялынан айрылган жалгыз бой, бирок көп бала баккан ата менен менен эненин эмгегин даңазалап, аларга да колдон келген жардамыбызды берип келе жатабыз. 70 жыл бирге жашаган Байзак айылынын тургундары Догдурбай Молдокматов менен байбичеси Жамалкан Молдокматовага, 60 жыл бирге жашаган Кең-Суу айылынын тургундары Калык Осмонова менен Алтынай Матыевага берген белектерибиз менен курортко жолдомобуз башкалар үчүн ынтымактуу жашоого үлгү болот деген ойдобуз», - деди коомдук бирикменин төрайымы Гүлнара Дегенбаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 373
Көп окулду
×