Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.05.2018 10:00

70 жыл бирге жашаган жубайлар: Догдурбай ата казак кызы Жамалкан апага үйлөнүп, 12 балалуу болушту

Turmush -  Түп районунун Байзак айылында 70 жыл бирге жашаган жубайлар — Догдурбай ажы Молдокматов менен Жамалкан Молдокматовага курортко жолдомо берилди. Аймактык кабарчы Догдурбай Молдокматовдун үйүнө барып, алардын чоң үй-бүлөсүнөн кабар алып келди.

70 жыл бирге жашаган жубайлар 12 балалуу, 30 неберелүү жана 32 чөбөрөлүү болушуп, кыбыра күтүп турган убагы. Экөө тең биринен бири өтүп, биринин унутуп калганын бири толуктап төмөнкүлөргө токтолушту.

Догдурбай ата 40 жыл Санташ совхозунда айдоочу болуп эмгектенсе, Жамалкан апа 16 жашында келин болуп келгенден бери ушул эле совхоздо — азыркы Каркыра айылында (мурда 4-фермада) саанчы болуп иштеген. Ал кезде азыркыдай чек ара жабык эмес, Кыргыз ССРинин Түп району менен Казак ССРинин Кеген районунун малчылары короолош конуп турган. Эки элдин жашоочулары куда-сөөк болуп жашап, казактар «Албандын», кыргыздар «Бугунун» уруусу дешип, экөө эки кыздын балдары болгондуктан ынтымактуу жашап келишкен. Догдурбай ата Кегенден (облустун борбору) унаасы менен келе жатса, бир кичинекей кыз жол тосот. Токтоп, "кайда барасың десе?", ал кыз: "Кыргызстанга, 4-фермага барам" деп казакча жооп берет. Ал казак кызы Жамалкан кыргызга келин болуп, ушунчалык очор-бачар болорун билген эмес. Догдурбай ата 6-күнү казактын кызын сабактан кийин кыргызга ташыганын адатка айлантат да, Жамалканды ала качып алат.

16 жашка чыгарына 4 ай калган Жамалканды кайненеси койнуна алып жатат да, качан 16га чыкканда никесин кыят. Антпесе эрте үйлөндүң деп Догдурбай ата жоопко тартылмак. Андан кийин 12 бала төрөгөн Жамалкан баатыр эне болду.

Балдары Боронбай Целинограддан, Мурат Самарканддан, Марат Оренбургдан жогорку окуу жайларын, кыздары Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүрүшүп, баары тең өздөрү сүйгөн кесиптерин аркалап жатышат. Мурда эле кадырлуу карыя атка конгон Догдурбай ата 2014-жылы небереси Боронбай баласы Таалай менен ажылыкка барып келгени ажы атка конуп, кадыры ого бетер көтөрүлүп турган кези. Ажылыктын таасириби, Меккеден келгенден кийин төрөлгөн чөбөрөсү Таалай кызы Каусарды эркелетип, кичи баласы Мараттын үйүндө байбичеси экөө бактылуу карылыкты өткөрүүдө.

«Кырк кыз» коомдук бирикмеси 70 жыл бирге жашашкан бул үй-бүлөгө Ысык-Ата курортуна жолдомо жана баалуу белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×