Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.05.2018 15:25

Фото – Ысык-Көлдө «Run the Silk Road» аттуу VII эл аралык марафон башталды

Turmush -  Бүгүн, 12-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Run the Silk Road» аттуу VII эл аралык марафон башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара төрт аралык боюнча өтүүдө: марафон (42 чакырым 195 метр), жарым марафон (21 чакырым 97,5 метр), ошондой эле 10 жана 5 чакырымга чуркоо.

Марафонго профессионал спортчулар менен бирге спорт сүйүүчүлөр да катышып жатат.

«Марафон – бул бир гана спорттук иш-чара эмес, ал Кыргызстандагы эл аралык туризмди өнүктүүнүн бир жолу. Марафондун максаты сергек жашоо образын жайылтуу, калкты спортко үндөө болуп саналат. Мындан тышкары, марафон спортто, туризмде эл аралык байланышты жакшыртууга шарт түзөт. Ошондой эле, катышуучулардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгы кубандырат», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×