Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.05.2018 11:35

Ак-Суунун Ак-Булак айылында 2,5 млн сомго курулган ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылында 11- майда ФАПтын салтанаттуу ачылышы болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алмаз Осмонов, жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары катышууда.

«Мурда ФАП жеке менчик үйдө жайгашкан. Анда суук болуп, чатырынан суу акчу. Биз райондун борборунан алыс жайгашкандыктан биринчи жардам берүүдө, кош бойлууларды кабыл алууда кыйынчылык жаралчу. Ал жерде 3 адам иштеп, 2 миң 317 кишини тейлейбиз. Эми жаңы ФАП салынып, жаңы имараттуу болдук. Калктын ден соолугун сактоого чоң салым болот», - дейт мед айым Ира Абылгазиева.

ФАП 3 бөлмөлүү болуп, ичине суу киргизилген. Аны салууга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 2 млн 500 миң сом бөлгөн.

«Аймакты өнүктүрүү жылына карата жер-жерлерде бир топ иштерди жасап жатабыз. Учурда Ак-Булак айылына эмкана ачтык. Ага 2 млн 500 миң сом бөлүндү. Анын курулушу былтыр ноябрь айында башталып, эми аягына чыкты», - дейт Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын жетекчиси Алмаз Осмонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×