Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Ысык-Көл

Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун куруп жаткандар боз үй тигип, митингге чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-майда Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун куруп жаткан жолчулар 6 айдан бери айлык маяна албагандыктан нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, жолчулар боз үй тигишип, айлык маяна төлөп берүүнү талап кылышууда.

«Райондук администрациянын өкүлдөрү болуп жолчулар менен жолуктук. Анда жолчулар 5-6 айдан бери айлык маяна албай иштеп жатышканын, ошондуктан митингге чыгышканын айтышты. Учурда биз Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрүн күтүп жатабыз. Ошондой эле жакында министрликтен каражат алып, бирок жолду куруп жаткан адамдарга айлык төлөбөй келген «Лонг Хай» компаниясынын өкүлдөрүн күтүп жатабыз. Жолчулар көйгөйлөрүн айтышып, аны тез арада чечип берүүнү өтүнүп жатышат», - деди ал.

Нааразычылык акциясына Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун курууга катышкан 100дөн ашык адам чогулган.

Митинг өтүп жаткан жерге «Лонг Хай» компаниясынын өкүлдөрү келип, жол куруучулардын айлык маянасын бөлүп төлөп бере турушканын билдиришти. Бирок бул билдирүүгө жумушчулар макул болгон жок.

«Биз буга макул эмеспиз. Биздин арабызда айлык маянаны бир жылдан бери көрбөгөндөр бар. Үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Көбүнүн насыясы бар, биз айлык алганча алар күтпөйт. Эмгегибиз менен иштеп тапкан акчабызды төлөп беришсин», - деди митингге чыккандардын бири Азамат Исмаилов.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдагандай, акыркы 2 жылда бюджеттик каражаттын эсебинен Ысык-Көлдүн айланасына айланма жол курулуп жатат. Анын биринчи фазасы Балыкчыдан Корумдуга чейин 134 чакырым аралыкка созулат. Экинчи фаза Корумду айылынан Каракол шаарына чейинки аралыкка курулуп, долбоор болжол менен 150 млн долларды түзөт. Аны арабдардын координациялык тобу каржылайт деп пландалууда.

Ысык-Көлдүн айланасындагы айланма жол жакынкы жылдары толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5563
Көп окулду
×