Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.05.2018 22:55

Жаш талант: 11 жашында кол өнөрчүлүктү өздөштүргөн Айдана кагаздан өзгөчө ыкма менен гүл жасайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 14 жаштагы тургуну Айдана Канатбек кызы кагаздан түрдүү буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Айдана буюмдарды жасоодо квиллинг (кагаздан композиция жасоо искусствосу) ыкмасын колдонот.

«Кагаз, клейдин жардамы менен түрдүү буюмдарды жасоого болот. Кол өнөрчүлүк менен 3 жылдан бери алектенип келем. Бул өнөрдү бир тууган эжемден үйрөнгөм. Өзүм да абдан кызыгып, интернет булактарынан карап, көптөгөн буюмдарды жасап баштадым. Көбүнчө гүлдөрдү, куурчак, мултьфильм каармандарын жасайм. Кол өнөрчүлүк боюнча көптөгөн кароо-сынактарга катышып, жеңишке жетиштим. Гүлдөрүмдү айрым учурларда айылдагылар белек катары берүү үчүн сатып алышат. Бош убакта китеп окуп, апама жардам берем. Мага биология, эмгек жана сүрөт сабактары жагат. Келечекте фармацевт болгум келет», - деди Айдана.

Жаш кол өнөрчү учурда С.Каралаев орто мектебинде 7-класста билим алып жатат. Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×