Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.05.2018 15:19

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлүктү жээнинен үйрөнгөн А.Калиева эмгектерин чет өлкөлүктөргө сатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 45 жаштагы тургуну Асел Калиева кол эмгектерин чет элдик туристтерге сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүк менен мектепте окуп жүргөн убакта эле алек болуп баштаган.

«Кол өнөрчүлүктү боз үй жасаган жээнимден үйрөнгөм. Турмуш кургандан бери баштык, сувенирлерди — төө, аркар, кой жана башка ушул сыяктуу бумдарды жасап сатчумун. Ортодо 5 жылдай кол өнөрчүлүк менен алектенбей калдым. Учурда кайра бош отурбай буюмдарды жасап сата баштадым. Аларды чыгармачылык менен жасаган жагат. Буюмдардын кичине өлчөмдөгүлөрүн жарым саатта, ал эми чоңдорун 1 сааттан ашык убакытта жасайм», - деди ал.

Кол өнөрчү эмгектерин 200 сомдон 1000 сомго чейин баалап сатат.

«Эмгектеримди көбүнчө чет өлкөдөн келген туристтер жактырып сатып алышат. Жакында эле Америкадан келген турист өзүм жасаган буюмду сатып алды. Мындан тышкары бала бакчаларга оюнчуктарды буйрутма менен жасап берем. Эми жасаган буюмдарымды Көчмөндөр оюндарына даярдап жатам. Эң кызыгы капаланганда дароо эле кол өнөрчүлүк менен алектенип, сувенир жасайм. Бош убакта даамдуу тамак жасап, гүл өстүрөм жана жолдошума жардамдашам. Келечекте кол өнөрчүлүктү дагы да өркүндөтсөм дейм», - деди ал.

А.Калиеванын 2 кыз, 1 уул жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×