Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Ак-Сууда өмүрүн медицинага арнаган апаларга «Кадырлуу эмгек каарманы» наамы берилди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында 12-май — Мээрман айымдардын эл аралык күнүнө карата медицина тармагында көп жыл эмгектенген айымдарга сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда айылдагы фельдшер апалар — Токтокан Касымалиева жана Гүляй Кыдыргычевага «Кадырлуу эмгек каарманы» наамы тапшырылды.

Токтокан Касымалиева учурда 80 жашта. Ал 35 жыл айылда медайым болуп иштеген. Учурда 6 баланын, 20 небере, 18 чөбөрөнүн энеси.

Ал эми 60 жаштагы Гүляй Кыдыргычева ФАПта фельдшер болуп 20 жыл иштеген. Ал 4 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 462
Көп окулду
×