Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.05.2018 14:18

Ак-Суунун Ак-Булак айылында 30 жыл мурун курулган клуб оңдолду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылынын клубу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, анын расмий ачылышы болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге райондун акими Улан Дөкөнбаев, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алмаз Осмонов, маданият кызматкерлери, айыл тургундары катышты.

Айыл аймактын башчысы Талапкер Жакуповдун айтымында, капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 2 млн 277 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 208 миң сом берилген. Ал эми айыл өкмөттүн бюджетинен 450 миң сом салым кошулган.

«Мурда элеттеги чогулуштарды өткөрө алчу эмеспиз. Эми айыл элине жакшы шарт түзүлдү. Чатыр, терезеси алмашып, ичи-тышы шыбалды. Мурда чатырынан суу агып, бир топ кыйынчылыктар болчу. Маданий иш-чаралар менен бирге бир бөлмөсүнө жаштар отуруп, спортко да көңүл бөлүнөт», - дейт ал.

Клуб 1988-жылы ашар жолу менен курулган, болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×