Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Чолпон-Атада ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттуктоо уланууда (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында ооруктун ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктоо уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэр Акыл Саралаев шаардагы ооруктун 5 ардагерин жана согуштун 12 ардагеринин жубайларын үйлөрүнө барып куттуктап, майрамдык белектерин тапшырды.

Мындан тышкары, мэрия тарабынан Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналып спорттук мелдеш уюштурулду. Анда күрөштүн түрлөрү жана шахмат боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 934
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×