Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

«Ала-Тоо» ресторанындагы массалык уулануу: Үй-бүлөбүз менен ууланып, бирок компенсация берилген жок, - жабырлануучу

Turmush -  Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» рестораны үйлөнүү тойдогу массалык уулануунун жабырлануучуларына компенсация төлөп бере элек. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну Асел Исаева бүгүн, 10-майда билдирди.

Анын айтымында, өзү жана үй-бүлөсү 2018-жылдын 30-мартында Бишкек шаарына туугандарынын үйлөнүү тоюна барышкан.

«Ошол эле түнү Чолпон-Ата шаарына кайтып келгенбиз. Бирок түн ичинде баарыбыз кусуп, дене табыбыз көтөрүлдү. 1-апрель күнү эртең менен ооруканага барсак дарыгерлер керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Андан кийин бүт үй-бүлөбүз менен ооруканада жатып дарыланып, көп каражат сарптадык», - деди А.Исаева.

Ал белгилегендей, дарыланууга кеткен каражатты өздөрү каржылап, массалык уулануу болгон ресторандын жетекчилиги бере турган компенсация ушул күнгө чейин бериле элек.

«Күйөөм дагы, мен дагы эч жерде иштебейм. Дарыланууга керектелген каражатты тааныштарыбыздан карызга алганбыз. Ал эми ресторандын жетекчилиги жазаланган жок, жада калса ресторан кайрадан иштеп жатат», - деп кошумчалады.

Окуя тууралуу:

«Ала-Тоо» ресторанында 30-мартта уюштурулган үйлөнүү тойдон кийин массалык уулануу болгон. АКИpress агенттигине маалым болгондой, мунун кесепетинен 1-апрелден тарта 5-апрелге чейин Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына 218 адам кайрылса, анын ичинде 40 жабырлануучу жаш балдар. Ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ооруканаларга медициналык жардам алуу үчүн 45 адам кайрылган.

Кийинчерээк «Ала-Тоо» ресторанындагы массалык ууланууга тоок этинен жасалган тамак себепкер болгону айтылган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1050
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×