Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 10.05.2018 12:01 На русском

Балыкчыда 69 жаштагы аялды унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Балыкчы шаарында 8-майда саат 20:40 чамасында Фрунзе көчөсүндө бара жаткан унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы Л.С. (аял киши) жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсык фактысы Балыкчы ШИИБге катталып, тескөөчүлөр ыкчам аракеттерди көрүп башташкан. Жыйынтыгында жол кырсыктын белгилери бар «БМВ» унаасы табылды. Унаанын ээси — 32 жаштагы Ж.Т. жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин мойнуна алды.

Унаа ШИИБге жеткирилип, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Териштирүү иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×