Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 5 баласын багуу үчүн тракторчуга айланган Гүлжан апа бир ажалдан калганын унутпайт (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынын 74 жаштагы тургуну Гүлжан Абдиева трактор айдап жүрүп, 5 баласын өстүрдү. Ал Жети-Өгүз районундагы Покровка айылындагы 1 жылдык техникалык окуу жайда билим алган.

«Кичинекей кезимден бери эле ушул тракторго кызыгып жүрдүм. Аны жолдошум өтүп кеткенден кийин айдай баштадым. Жолдошум менен жашаганыбызга 10 жыл толгондо кайтыш болгон. Башында экөөбүз кой бакчубуз. Түгөйүмдөн айрылгандан кийин 5 баламды багайын деп ушул ишке кириштим. Жалпы 13 жыл тынбай иштедим. Бир тууган байкем да тракторчу эле. Мен окуп келгенден кийин байкем практикадан өткөрдү. Алгач анын тракторун айдап жүрүп, кийин өзүм трактор алдым. Аларды улам алмаштырып турчумун, анда совхоз жаңысын берип турчу. Ал кезде аял кишинин техника менен иштегени жогору бааланчу эле. Кокус тетиктери сынып калса өзүм текшерип, кайра оңдочумун. Алым келбеген оорлорун балдарым оңдоп берип турду», - деди ал.

Гүлжан Абдиева ары түйшүктүү, ары кызыктуу жашоосунда бир өлүмдөн аман калганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бир жолу Көк-Мойнок 2 айылынын жайлоосуна чөп тартып бара жаткам. Тракторго чиркегич да сүйрөтүп алгам. Ал бийик болгондуктан тоонун аркы бетине түшүш керек эле. Бир маалда тоонун башына жеткенде тракторум өчүп калды. Өтө бийик жерге туруп калыптырмын. Ал жакта бригадирибиз өзүнчө унаа менен кетип бара жаткан болчу. Менин токтоп калганымды көрүп, ал түшүп келди. Ылдый карасам аябай коркунучтуу, өтө бийиктикте турам. Куласам эмне болом деп коркуп, кыймылдабай отурдум. Бригадир да бийикте турганын көрүп коркуп кетти. Бир аздан кийин артыбызда жүк ташыган унаа келе жатканын көрүп аябай сүйүнүп кеттим. Ошол унаа трос менен байлап сүйрөп чыкты. Ошондо бир өлүмдөн калдым деп аябай сүйүнгөнүм эч эсимден кетпейт.

Кийинчерээк облустук советтин депутаты болдум. Кыргызстандын профсоюзунун 13-23-24-25 съездинде делегат болуп, Москва шаарына бардым. «Эмгектин ветераны» наамына ээ болуп, медаль, көптөгөн сыйлыктарды, белектерди алып келдим. Ал кезде килем, кийим берчү эле. Айлыгым ошол учурда 400-500 рубль болсо, учурда 7 миң 500 сом пенсия алам», - деди Г.Абдиева.

Бактылуу эненин улуу кызы Ибраева Бүбүсара Чолпон-Ата шаарында жашаса, экинчи уулу Ибраев Закир прораб болуп эмгектенет. Андан кийинки үчүнчү уулу Ибраев Жээналы Ананьев айылында трактор айдап, айыл чарба менен алектенет. Кийинки уулу Ибраев Дөөлөтбек соода менен алектенсе, кичүүсү Ибраев Саяк да айылда трактор айдайт. Ошондой эле 13 небере, 9 чөбөрөнүн апасы болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1352
Көп окулду
×