Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.05.2018 15:22

Ак-Суунун эли Жеңиш күнүндө параддан өтүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Ак-Суу районунда Жеңиштин 73 жылдыгына карата иш-чара өзгөчө белгиленүүдө.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Жеңиш күнүнө карата «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, ага райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жамааттары, тургундар катышты. Ошондой эле согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү менен асманга ок атылды.

Иш-чарада райондун акими Улан Дөкөнбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жана ардагерлер куттуктоо сөз сүйлөштү. Муундар жүрүшүнө 2-класстын окуучуларынан тарта жаштар катышты. Иш-чара театрлаштырылган көрсөтүү жана концерт менен коштолду.

Учурда райондо согуштун 4 катышуучусу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×