Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.05.2018 14:51

Балыкчыда Улуу Жеңиш майрамы аскердик техникалардын парады менен коштолду (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, митинг-реквием болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө шаардын башчылары жана мекемелердин жетекчилери Эне-бала эстелигине гүл коюшту. Мэр А.Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев ардагерлерге ыраазычылык билдирип, тургундарды жана конокторду майрамы менен куттукташты.

Андан кийин согушта курман болгон баатырларды эскерген «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду. Ошондой эле маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан согуш күндөрү театралдаштырылып, бийчилер, окуучулар Жеңиш вальсын бийлеп беришти. Буга улай аскердик, согуштук ыкмалар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Генералдык штабдын №20636 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы кызматкерлеринин жана шаардагы Ооган, Баткен согушунун ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аскердик техникалардын парады болду.

Шаардагы согуштун ардагерлерине, курман болгон ардагерлердин жубайларына, Ленинград блокадасында курчоодо калгандарга, оорукта эмгектенгендерге сый тамак берилди. Иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×