Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.05.2018 14:32

Чолпон-Ата шаарынын эли Жеңиш майрамын белгилешти (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. Маалым болгондой, Ысык-Көл районунан Ата Мекендик согушка 5 миңге жакын жоокер аттанган.

Бүгүн шаар тургундары, окуучулар ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, «Өлбөс полк» акциясынын алкагындагы жүрүшкө чыгышты. Андан соң эстеликке гүл чамбар коюлуп, жалпы элди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров, райондук администрациянын өкүлү Максат Сарбагышев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Акыл Саралаев баштаган жетекчилер куттукташты.

Иш-чара Жеңиш майрамына арналган патриоттук ырлар менен коштолду.

Учурда Ысык-Көл районунда согуштун 7 жана ооруктун 73 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×