Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Улуу Жеңишке 73 жыл: Балыкчыда согуштун ардагерлерине 12 миң сомдон тапшырылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын жетекчилиги согуштун ардагерлеринен кабар алып, аларды Жеңиш майрамы менен куттукташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, шаар мэри А.Мамбетов, вице-мэр Б.Алгожоева, шаардык кеңештин депутаттары С.Аманкулов, Т.Давлетов, социалдык өнүктүрүү жана социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери согуштун ардагерлеринин, Ленинград блокадасында курчоодо калгандардын жана тылда кызмат кылгандардын үйүнө барышты. Алар ардагерлерди куттуктап, акчалай жардам көрсөтүп, ошондой эле майрамдык салтанатка чакырышты.

Мындан тышкары, ушул жылдын жаз айында каза болгон тылдын ардагери А.Жамгырчиеванын балдарына көңүл айтышып, куран окутулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Т.Садыков, Ленинград
блокадасында курчоодо калган П.Петров жана тылда кызмат кылган Т.Ступкина, А.Бектуров, А.Акунова, К.Акчороева жана Ы.Кокоевге шаардык мэриянын атынан 10 000 сомдон жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү У.Жылкыбаевдин атынан 2000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 345
×