Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Улуу Жеңишке 73 жыл: Германияга баратканда жаракат алган А.Шайыков согуштан кийин Нарында башкарма болуп эмгектенген (фото)

Turmush -  Айтыш Шайыков — Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы ардактуу тургундардын бири. Душмандарга каршы согушкан ардагерге ал күндөр кечээ эле болгондой сезилет. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алды.

Айтыш ата 1924-жылы туулган. «Согуш учурунда 20 жашта болчумун. Ал учурда аскерден жаңы эле келгем. 1943-жылдын аягында мени жана башка жаш жигиттерди Алматага алып барып, ал жерде туура 2 ай автомат кармоону жана атууну үйрөтүштү. 1944-жылы 30-мартта немистер менен согушуу үчүн Германияга жөнөтүштү. Жолдон сол колумдан жаракат алып, аскер ооруканасында жаттым. Согуш талаасын көргөн жокмун, бирок согуш деген сөздүн өзү эле көп нерсени түшүндүрөт. Ал кандай коркунучтуу болгонун согуштун катышуучулары гана билет», - деди ардагер.

Жаракат алган жоокер А.Шайыков көп убакыт аскерлердин ооруканасында дарыланып, ал жерден согуш аяктап, фашисттик Германия жеңилгенин билген. «Мен бул кабарга ишене алган эмесмин. Жеңиш тууралуу мага орус жигит айткан. Кубанычтан ыйлап да жибергем. Мекениме 1950-жылы кайтып келип, аскерден бошотууну күттүм», - деди ал.

Ал мекенине кайтып келгенден кийин аскер кызматкери жана Нарын облусунун Ак-Талаа районуна башкарма болууну сунушташкан. Ардагер экинчи кесипти тандап, Нарынга барган. «Ал жерде 15 жыл иштеп, тоңдук кызга баш коштум. Экөөбүз 5 уул жана 7 кызды тарбияладык. Андан кийин кичи мекенибизге — Чок-Тал айылына кайтып келдик. Уул-кыздарым аталган айылда окуп, жогорку билим алышты. Тилекке каршы, жубайым 20 мурун каза болуп калды», - деди А.Шайыков.

Учурда ардагердин 43 небереси жана 63 чөбөрөсү бар. Ал баарынын ысымын жатка билет. «Атам үй-бүлөлүк даталарды жакшы эстейт. Мисалы, балдарынын туулган күндөрүн, бардык неберелеринин аттарын билет. Ал дайыма көз айнексиз гезит окуйт. Кыргызстандагы абал жана саясий жашоо тууралуу гезиттерден окуп турат. Ошондой эле уюлдук телефон колдонуп, балдары менен байланышат. Биз атам менен бирге жашайбыз. Кудайга атабыз үчүн ыраазыбыз, ал ачык асман жана тынчтык тартуулаган адамдардын бири экенине сыймыктанабыз», - деди ардагердин келини Индира Жумамудинова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1112
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×