Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.05.2018 18:52 На русском

Чет өлкөлүк спортчулар тамак-ашка ууланып, Чолпон-Атадагы ооруканада жатышат

Turmush -  Бүгүн, 7-майга караган түнү Чолпон-Ата шаардык ооруканасына тамак-аштан уулануу белгиси менен чет өлкөлүк 7 адам кайрылды. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Бириккен Араб Эмираты менен Ирандан келген кикбоксчулар өздөрүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Маалым болгондой, 11-12-майда Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда өтө турган кикбоксинг боюнча эл аралык мелдешке чет өлкөлүк 200гө жакын спортчулар келишкен. Алар «Аврора» пансионатына жайгаштырылган болчу.

«Буга чейин түзүлгөн келишимдин негизинде чет өлкөлүк спортчулар биздин пансионатка жайгаштырылган. Түн ичинде алардын ичинен бир нече адам өзүн жаман сезип, ооруканага алып бардык. Бирок орун жок болгондуктан кайрадан пансионатка келгенбиз. Аларды эртең менен кайрадан ооруканага жеткирип, учурда дарыгерлерден керектүү жардам алып жатышат», - деди «Аврора» пансионатынын өкүлү Азамат Токтосопиев.

Учурда ооруканада арабиялык 6 спортчу, ирандык 4 адам дарыланып жатат.

«Ооруканадагы коноктор кечээ күндүз пансионаттын аймагынан сыртка чыгып, Бостери айылындагы көргөзмөгө күбө болуп, ошол жерде тамактанышкан. Алардын тамак-ашы көзөмөлгө алынып тургандыктан пансионаттан көп тамактанышкан эмес. Учурда тиешелүү органдар уулануунун себептерин тактап жатышат. Ошондой эле биз дагы кызматкерлерибиздин уулануусуна эмне себеп болгонун тактайбыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×