Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн Семенов айылында Советтер Союзунун 4 баатыры эскерилди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Семенов айылында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Ысык-Көл районунан чыккан Советтер Союзунун 4 баатырын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семенов айылындагы «Эдельвейс» аталышындагы жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо борборунун мүчөлөрү, мектеп окуучулары согушту эскерген концерттик программа тартуулап, аскердик даярдыктарын көрсөтүштү. Ошондой эле, келген меймандарга аскердик ботко тартуулашты.

Жаштар колдоруна согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүшүп, таазим кылышты.

Ысык-Көл районунан Улуу Ата Мекендик согушка барган Казак Жаркынбаев, Николай Лященко, Николай Ананьев, Петр Колесниковдор «Советтер Союзунун баатыры» наамына ээ болушкан. Учурда Ысык-Көл районунда 7 ардагер бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×