Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.05.2018 17:06

Балыкчыда Жеңиш майрамына карата жөө жүрүш болуп өттү (фото, видео)

Turmush -  Балыкчы шаарында 9-май Жеңиш майрамына карата жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жалпы мугалимдер жамааты жана студенттери катышты. Алгач Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү «Эне-бала» эстелигинде бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликтин тактасына гүлдөр коюлду.

Жөө жүрүш «Эне-бала» эстелигинен башталып, Ж.Аманбаев көчөсүндөгү 7-апрель революциясында курман болгон баатырларга арналган мемориалдык эстеликке чейин болду.

«Бүгүнкү жөө жүрүш фашисттик оккупанттарга каршы туруп, келечек муундардын жаркын жашоосу үчүн жанын аябай согушуп, курман болгон аталарыбыздын жаркын элесине арналды. Негизги максат жаштарды, студенттерди париоттуулукка тарбиялоо, ата-мекенин сүйүүгө үндөө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерип жүрүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат», - деди Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык коллежинин дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Т.Сулайманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×