Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.05.2018 16:45

Жети-Өгүздө Баткен окуясында курман болгон К.Кушбековдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында спорттун таэквондо түрү боюнча мелдеш өтүп, ага республика боюнча 200 спорт чебери катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш 2000-жылдын август айында Баткен коогаланында курман болгон Кубанычбек Кушбековдун жаркын элесине арналды.

Маркум К.Кушбеков 1976-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-1991-жылдары Д.Иманов атындагы орто мектепте окуган. 1991-1994 жылдары Суворов окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1994-1996-жылдары Россия Федерациясындагы Челябинск шаарындагы Жогорку аскердик танкалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган. 1998-жылдан баштап Кой-Таш ротасында командир болуп кызмат өтөгөн. 2000-жылы август айында Баткен коогаланында баатырларча курман болгон.

Маркумдун жаркын элесине арналган мелдеш классташтарынын демилгеси менен 5 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×