Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.05.2018 20:12 Жаңыланды: 08.05.2018 11:33

Улуу Жеңишке 73 жыл: Орус тилин билген үчүн ажалдан аман калдым, - согуштун ардагери А.Токтоназаров (видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын 92 жаштагы тургуну, согуштун ардагери Амантур Токтоназаров согушта 56-аткычтар дивизиясында жоокердик милдетин өтөгөн. Аймактык кабарчы ардагер менен маектешти.

Ардагердин айтымында, ал согушка 1944-жылы 18 жашында аттанган.

«Алгач Светлая Поляна айылынан бардым. Мени менен орус улутундагы 22, кыргыз улутундагы 26 жигит барды. Баарыбыз поезд менен узак жол жүрдүк. Ошол кезде биз барганда согуш кайнап турган экен. Мен орустар отурукташкан айылдан баргандыктанбы, айтор орус тилинен кыйналган жокмун. Тил билгеним көп жолу ажалдан сактап калды. Анткени, кол башчылар эрежелерди туура сактап, күндүз токой аралап, жарылууга кооптуу делген аймакка баспагыла дечү. Ачкачылыктан, суусап токой аралап жарылып кетип каза болгондор көп болду. Мен өзүм спорт менен машыккандыктан улам снаряд да көтөрүп, командирдин сөзүн эки кылчу эмесмин. Тил билбей канча кыргыз жоокер балдары согуш талааларында окко учту. Кыйраган шаарларды бошотууда бизге эч нерсе жебегиле деп буйрук берди, анткени баардыгы ууланган экен. Айрымдар тил билбегендиктен түшүнбөй, ууланган тамактарды жеп курман болушту. Чийки буудай жеп каза болгон жоокерлер да көп болду. Кудайымдын буйругу жана орус тилин билгеним менен аман калдым.

Мен 56-аткычтар дивизиясында жоокердик милдетимди өтөдүм. Биз бир катар жоокерлер менен Литванын шаарларын бошотууга аракеттендик. Аткычтар полкунда болгондуктан ок-дарынын үстүндө жүрдүк. Эң өкүнүчтүүсү жанымда жүргөн мыкты жоокер досторумдан айрылдым. Биз түн ичинде токой аралап жүрчү элек, анткени күндүз немистер шаарларды бомбалап кыйратышат. Тамак-аш тартыш, айрым учурда сууга да зар болчубуз.

1945-жылы Жеңиш үнүн Берлинге жакын жерден уктук. Аябай сүйүнүп, шапкелерибизди көккө ыргытып жыргадык. Ошол жылы эле жеңиш толук биз тарапта болгон жок. Шаарларды тазалоо өндүү бир топ иштерди жүргүзүп, 1950-жылы кичи мекенибизге кайттык. Келсек үйлөр ээн калган, эл кыйналган шартта жашап жаткан экен», - дейт ардагер А.Токтоназаров.

92 жаштагы Амантур ата күн сайын таң атканда дене тарбия көнүгүүлөрүн неберелери менен бирге жасап, өзүн сергек сезерин айтат. Анын 5 баласы жана небере-чөбөлөрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×