Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-суулук А.Рысмендиева ышкын, роза гүлүнөн тарта 40 түрлүү кыям жасап, аларды Европа, Кытайга экспорттойт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Айнагүл Рысмендиева кыям даярдоо цехин ачып, иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал цехти өзүнүн үйүндө ачкан. Ал жерде бир нече аялдар иш менен камсыз болушкан. Цехте алар кыямдын 40ка жакын түрүн жасашат.

«Ак-Суу жергеси мөмө-жемишке бай аймак. Биз ал жемиштердин баарынан — алма, алмурут, алча, өрүк, карагат, малина, кулпунайдан, ошондой эле төө буурчактан да кыям жасап келебиз. Аларды кээде бириктирип, айкалыштырып кыям да кылабыз. Мисалы, грек жаңгагы менен абрикосту, ошондой эле ашкабак, имбирь, лимон, апельсинди бириктирип, кыям жасайбыз. Шабдаалы менен фундуктун аралашмасынан да жакшы кыям болот. Кыямдарды жасоо технологияларын өзүбүз ойлоп тапканбыз», - дейт ал.

Айнагүл Рысмендиева белгилегендей, кыямдарды 250 граммдан 1 литрдик банкаларга куюп сатыкка коюшат. Алардын ичинен роза гүлүнөн жана ышкындан жасалган кыямдарга кызыккандар көп.

«Ышкын — табигый таза жерде өскөн, эн пайдалуу өсүмдүк. Азыр анын сезону болууда. Андан жасалган кыям адамдын иммунитетин көтөрүп, канды тазалайт. Кан айланууну жакшыртат. Ал жаштыктын сывороткасы болгондуктан, жаш болууну каалаган сулуулар арасында бул кыямга суроо-талап чоң», - дейт ал.

Буга чейин жеринде сатыкка коюп келишсе, эми кытайлык кыргыздардын компаниясы менен келишим түзүп, аны Кытай, Европага экспорттошот. Ага керектүү идиштерди аталган компания алып келип берет.

А.Рысмендиева жеке эле өзү киреше таппастан, элеттеги дыйкан-фермерлерге да жардам берип келет.

2004-жылы ал айыл өкмөттүн сунушу менен Ак-Суу органикалык кооперативин негиздеген. Анын алкагында ар кандай долбоорлорду жазып, тургундарга таза табигый мөмө-жемиш, асыл тукум малдарды өстүрүүгө салым кошуп келет. Элетке 3 күнөскана, сүт азыктарын, мөмө-жемиш кургатуучу техникаларды алууга, кыям жасаган эки цех ачуу жана ушул сыяктуу иштер үчүн 10го жакын гранттарды тартууга жетишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2518
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×