Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө акыл таймашта жеңген окуучулар эс алууга жолдомо алышты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылында жергиликтүү тургун Жекшен Сулаевдин демилгеси менен райондун 5 мектебинин окуучуларынын арасында «Акыл Ордо» интеллектуалдык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Таймаштын алкагында Сейитбек Мендибаев атындагы мектептин мугалимдери предметтер боюнча суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты.

«Ынтымак жаштар» коомунун төрагасы Ж.Сулаев жаштарды патриоттуулукка үндөө максатында аларга колдоо көрсөтүп жатышкандыгын айтып, таймаштын соңунда алдыңкы окуучуларга кубок, медаль жана баалуу белектерди тапшырышты.

Ал эми таймашта жеңишке жетишкен окуучулар Бишкек шаарына эс алууга жолдомо алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 368
Көп окулду
×