Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.05.2018 18:32 На русском

Жети-Өгүздө 6 жаштагы баланы зордуктаган 3 жигитке карата сот өкүм чыгарды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 6 жаштагы балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктарды көрсөтүүгө шектелип кармалган өспүрүмдөргө карата райондук сот тарабынан 28-апрелде өкүм чыкты. Бул тууралуу 2-майда адвокатуранын алдындагы адвокаттарды окутуу борборунан маалымдашты.

6 жаштагы баланын кызыкчылыгын жактоочулар — Аида Жумабек кызы менен Эльнура Садабаева коргогон. Соттолуучулардын баары мектептин 10-классынын окуучулары болуп эсептелинет. Алардын бири 9 жылга эркинен ажыратылса, экөө 8 жылга кесилди.

Мындан тышкары, жабырлануучуга карата моралдык зыян үчүн 200 миң сом өндүрүлдү. Ал эми прокурор балдарды 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Буга чейин Жети-Өгүз районунда 6 жаштагы баланы зордуктоого шектүү делип 3 жигит кармалганы маалымдалган. Маалыматка караганда, 2017-жылдын апрель айында шектүүлөрдүн бири кошунасынын 6 жаштагы баласын момпосуй берип алдап, чоң энеси менен жашаган үйгө алып барып зордуктаган.

«Май айында ал эки досуна сунуштап, алар макул болгондон кийин баланы кайрадан алдап алып келип, үчөө күч колдонуу менен аны шылдыңга алышкан. Ушундай эле көрүнүш дагы бир жолу кайталангандан кийин жабыркаган бала ата-энесине айтып, алар милицияга кайрылышкан», - деп билдиришти.

Милиция бул кылмышка шектүү делген 16 жаштагы эки баланы жана 17 жаштагы бир шектүүнү кармаган болчу. Үчүнчүсү жайлоодо жашынып жүргөн. Кийин 3 шектүү бул кылмышты мойнуна алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×