Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.05.2018 14:05 Жаңыланды: 16.05.2018 08:18

Айыл турмушу: Түптүк А.Токталиев фокстерьер, овчарка, питбуль породасындагы иттерди багууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Балбай айылынын 29 жаштагы тургуну Алибек Токталиев 8-классынан бери иттердин ар кандай түрлөрүн багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, иттери таза кандуу, ветеринардык кароодон өтүп турат. Кыргыз тайганы Кумайык болсо, овчаркасынын аты Рекс. Фокстерьер породасындагы иттин аты Шаман, питбулдун аты Актөш. Кумайык башка 3 тайган менен биргеликте быйыл боло турган Көчмөндөр оюндарына даярданып жаткан кези. Алар кышында 4 чөө, 1 түлкү кармашкан. Актөш болсо ит талаштарга катышып, акыркы 2 жылдан бери жеңилип көрө элек. Шаман ийинге кирип кеткен жаныбарларды кууп чыга алат.

«Рекс болсо балдардын сүймөнчүгү. Акылдуу ит, сен кубансаң кубанат, кайгырсаң кайгырат. Каракол шаарындагы чек арачыларга күчүгүнөн берсемби деген оюм бар. Буга чейин таластыктар келип тайгандын күчүктөрүнөн 10 миң сомго алып кетишти. Алар кийин биздин тайгандардын атаандашы боло турганына шек жок. Себеби мендеги тайгандар таза кандуу тайгандар», - деди ал.

Алибек мырза жубайы Элвина экөө Аэлин аттуу кызды тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×