Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Ысык-көлдүк жубайлар алмаз тоюн белгилешти: Жекше ата сүйүктүүсү үчүн кылган эрдиктерин айтып берди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын жашоочулары, 60 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар Жекше Абдиев менен Осина Абдиева алмаз той өткөрүштү.

Муну менен катар Жекше Абдиев ата өзү айткандай В.И.Ленин туулган 22-апрель күнү 80 жашка толду. Аларды куттуктап уул-келиндери, кыз-күйөөлөрү, небере-чөбөрөлөрү чогулган.

Жубайлар 6 балалуу болуп, 28 небере, 40 чөбөрө жана 3 кыбыра көргөн бактылуу карылар. 80 жашка чыккан күнү кайниси Мажулин Амазбаевды 70 жашка, келини Догдуркан Мусаева менен тун кызы Гүлнара Абдиева экөөнү 60 жашка, кызы Сайрагүл Абдиеваны 50 жашка чыгышы менен Жекше ата куттуктап, атайын белектерин тапшырды.

Баарынан кызыгы Жекше ата башынан өткөн окуяларын айтып бергенде болду.

«Кереге-Таштан 7-классты бүткөндөн кийин Пржевальск шаарындагы педагогикалык окуу жайынан окуп жатканда окуу жай Нарынга көчүп кетип, 10-классты Ак-Булуң айылынан мектеп-интернаттан аяктоого туура келди.Бир жыл Сары-Жазда геолог базада иштеп жүрүп энеңерди таптым. Экөөбүздүн башыбыздан өткөн окшош окуяларды айтып бербесем болбойт. Ал убакта кыз ала качуу деген мода болчу. Мен 10-класста оюн коюп, кыздын ролун аткарып жатканда сахнадан эле Ичке-Жергез айылынын балдары ала качып кетишкен. Ой, мен эркекмин десем болбой эле көшөгөгө кийирип салышты. Мейли аягына чейин роль ойноюн дедим. Качан келиндер мени дааратканага алып барганда менин эркек экениме ишеништи, заара кылып жатканымда келин-кыздар ызы-чуу түшүп, мени таштай качышты. Бир сыйра кийим кийгизип, кечирим сурап үйүмө жеткирип коюшту.

Биринчи курска кирип матфактан окуп жатсам, күзүндө үйлөнөмүн деген Осинамды ала качып кетишти дешти. Жаныма бир досумду алып, агалары болуп из кууп барып калдык. Күйөө болчу жигит тоого койго кетиптир, энеси бизди көрүп эле туруп калды. Кулдугум бар, кечирип койгула деп кошунасыныкына кемпир кетери менен Осинаны алып тоону көздөй качып жөнөдүк. Алар качса жолго качты дешип тескери кетишти. Биз тоо менен качып, Кереге-Таштын тоосуна келдик. Бир жума карагайдын арасында жашадык. Досум бизге тамак-аш алып келип берет да, силерди издеп убара болгон кишилер деп айылдагы жаңылыктарды айтып берет. Досум жадаганбы энеме: "балаңар келинчеги менен тоодо аман-эсен жашап жатат, үйлөнүүгө макул болсоңор айылга келебиз деп жатат" дептир. Экөөбүздүн атабыз тең согуштан кайтпай калып, энелерибиз өзүлөрү билип, үйлөнтүп коюшту. Мына ошондон бери силерди таптык. Иститутту бүткөндөн кийин математика мугалими болуп иштей баштадым. Осина болсо 2 энемди багат», - деди Жекшен ата.

Ал эми Осина эне: «Ээй, атаңардын кылыгы толтура. Ордо дегенде ичкен ашын жерге койчу. Ичке-Жергездеги мектепте директордун орун басары болуп иштеп турганда түптүк ордочуларга уттуруп жиберишип, кайра жандырабыз деп бир жума жоголуп кетишип, анан келген. Келери менен төшөккө жатып калды. Келген директорду бир жума Кереге-Ташта ооруп жаттым деп алдап койду, анын үстүнө азыркыдай сотка деген жок.

Атаңар А.Муканбаев аттуу жалпы Кыргызстанга белгилүү математик менен ат салышкан математик эле. Мына эми 60 жыл бирге түтүн булаткан биз силердин чайды ичели деп турабыз», - деп кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1654
×