Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.04.2018 09:35

Жети-Өгүздө 100 студенттин катышуусунда кулунга операция жасалды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 100 студенттин катышуусунда малга операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз агрардык университетинин студенттери мал ылаңдарын алдын алуу боюнча практикадан өтүү үчүн Кызыл-Суу айылына келишкен. Анда мал доктурлардын катышуусунда жылкы баласы кулунга жана бир катар майда мал-жандыктарга операция жасоонун жолдору көрсөтүлдү.

Райондун ветеринардык дарыгерлеринин белгилөөсүндө, Жети-Өгүз районунда 228 миң кой бар. Учурда бруцеллез оорусуна карата эмдөө жүргүзүлүп жатат. Мал ылаңдарын алдын алуу боюнча 56 ветеринардык дарыгер эмгектенет. Алар студенттерге малга кандай операция жасоо керек жана ылаңдарды алдын алуу, коопсуздук эрежелери сыяктуу маалыматтарды беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×